Бараташвили Николоз Мелитонович

Бараташвили Николоз Мелитонович (15(27). 12. 1817-9(21). 10. 1845) - грузга акыны. Дворяндын үй-бүлөсүндө туулган.

Бараташвилинин чыгармалары (37 ыр, 1 поэма) көзү өткөндөн кийин (1852) жарык көргөн. Грузин адабиятында Шота Руставелиден кийинки классик катары калган акын.

Анын поэзиясы - грузин романтиз-минин жеткен бийиктиги. Бараташвилинин негизги темалары: грузин элинин тагдыры ("Грузиянын тагдыры" поэмасы), жеке адам менен коомдун ортосундагы конфликт ("Мтацминадагы кеч", 1836; "Кура боюнда толгонуу", 1837), акыл менен акыйкаттын салтанатына бекем ишенүү ("Мерани", 1842), түпкүлүктүү турмуш маселелери жөнүндө философиялык ой жүгүртүүлөр. Бараташвили грузин ырынын поэтикасын жаңыртып, анын философиялык тереңдигин, музыкалуулугун, пластикалуулугун арттырган, көркөм каражаттарын байыткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.