Баргана (Фергана) шаар - Өзбекстандагы шаар. Баргана облусунун адм. борбору. Калкы 171 миң (2010).

Темир жол бекети бар. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, химиялык (азот жер семирткичтери, химиялык була, пластмасса ж. б.), пахта тазалоо, жибек түрүү, текстиль, машина куруу, металл иштетүү, курулуш материал, тамак-аш (тоң май, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор, 2 театр, край таануу музейи ж. б. бар. 1876-ж. Жаңы Маргалаң деген ат менен негизделген. 1910-24-жылдары Скобелев аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4