Сагыналы Барсанаев

Барсанаев Сагыналы‎»‎ барагынан багытталды)

Барсанаев Сагыналы - (9. 9. 1932-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Тегене кыштагы) тоокен инженери, техника илимдеринин кандидаты (1966). КРдин илим жана техника боюнча мамлекетик сыйлыгынын лауреаты (1998). Москва тоокен институтун бүткөн (1957). 1957-60-ж. Таш-Көмүр тоокен башкармалыгына караштуу «Кара-Суу» карьеринде тоокен мастери, участка башчысы, башкы инженер болуп иштеген. 1960-жылдан КР УИАнын Тоо тектердин физикасы жана механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер (1964-73), лаборатория башчысы (1973-97), 1999-жылдан улук илимий кызматкер, 2005-жылдан КРСУнун лабораториясында башкы инженер. 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 1 монографиянын), 2 ойлоп табуунун автору. Негизги илимий эмгектери тоо тектерди жардыруунун жаңы ыкмаларын изилдөөгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4