Башбаракты ачуу

Барт Агния Львовна - (4 (17). 2. 1906, Москва -1. 4. 1981, ошол эле жер) орус балдар акыны. Чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. «Кичинекей бир туугандар» (1928), «Кежир бала» (1934), «Оюнчуктар» (1936), «Снегирь» (1939), «Балдар үчүн ырлар» (1949), «Гүл издеп кышкы токойго» (1970) ж. б. ыр жыйнактары бар. Ага «Балдар үчүн ырлар» (1949; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950), «Гүл издеп кышкы токойго» (1970; Лениндик сыйлыгы, 1972) ыйгарылган. Анын ырларына жөнөкөйлүк, ачыктык, жумшак юмор мүнөздүү. Барттын ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. «Кичинекей бир туугандар» (1937), «Балдар үчүн» (1954), «Машенька» (1961) ж. б. ыр жыйнактары кыргыз тилинде жарык көргөн.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4