Баткен району
Баткен аймагы — Баткен дубанындагы аймак. Аймак 1933 ж. уюшулган. Дубандын борбор бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай аймактары, түштүк-чыгышынан Ош дубанынын Чоң Алай аймагы менен чектешет. Аймактын чыгышында Сох (Өзбекстан), борбор бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавтары бар. Аянты 6,2 миң км² (Баткен дубанынын аянтынын 36,2% түзөт). Калкы 91,983 (2021). Аймак 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Башчысы |
Акылбек Орозов |
Расмий тили | |
Калкы |
91 983 |
Улуттук курамы | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Расмий сайты | |
Географиясы
түзөтүүРайондун аймагы Баткен өрөөнүн, түндүктөн түштүктү карай созулган чакан өрөөндөрдү, Сох, Исфара капчыгайларын, Алай, Түркстан кырка тоолорунун түндүк капталдарын ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, нефелиндүү-сиенит, акиташ теги, курулуш материалдары казылып алынат; ошондой эле мунай, газ, сурьма, сымап кендери бар. Климаты континенттик. Кышы мелүүн суук; январдын орточо температурасы –4,1°Сден (өрөөндөрдө)–15С°ге чейин (тоолордо) ; жайы ысык, кургакчыл (июлдуку 10°Сден 29,2°Сге чейин). Жаан-чачындын жылдык орт. Өлчөмү өрөөндөрдө 100-200 мм, тоолордо 300-450 мм. Табигый шарты тамеки менен бак-ча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагында сугат үчүн Төрткүл суу сактагычы курулган. Ири суулары: Сох, Исфара ж. б. Тоо этектериндеги өрөөндөр ачык боз, тоо капталдары күңүрт боз, боз-токой ж-а тоо шалбаа топурактуу. Тоо этегиндеги өрөөндөрдүн айдалбаган жерлеринде чөлдүү талаа өсүмдүктөрү (шыбак, тоо тикен ж. б.) , суу бойлорунда тал, терек, бадалдар, тоолордун түн. капталдарында шыбак, эфемер-баялыштуу жарым чөл, айрым жерлеринде (1500-2700 м бийиктикте) бетегелүү ж-а бетеге-аккылкандуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. 2500 м бийиктиктен жогору арча, бадамдан турган токой кездешет, 3000 мден жогору субальп жана альп ландшафт алкактары мүнөздүү; алар жайытка пайдаланылат.
Калкы
түзөтүүРайондо облустун калкынын 16,2%и же 64,6 миң киши жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли (2001) 31,7‰, өлүм-житим - 5,7‰, табигый өсүш – 26,0‰. Калкынын 99,2% кыргыздар. Эмгек жашына чейинкилер 46,4%ти, эмгек жашындагылар 46,7%, эмгек жашынан өткөндөр 6,9%ти түзөт. Калкынын 27,1% деңиз деңг. 1000 мге чейин, 58,9% –1000–1500 м, 14,0% –1500–2000 м бийиктикте жайгашкан. Орто эсеп менен 1 км2 ге 10,4 киши туура келет. Райондо 1 шаар ж-а 47 кыштак бар. Кыштактар жөнүндөгү маалыматтар төмөнкү таблицада берилди.
Экономикасы
түзөтүүБаткен районунун экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы жүзүмчүлүк ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 615,2 миң га (2000), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 217,6 миң га (жеринин 35,4%). Айдоо аянты 14,6 миң га (анын 9,6 миң гасы сугат жер), бак-дарак өсүмдүктөр 3,9 миң га, жайыт 196,9 миң га. Дан эгиндери (6,3 миң га, а. и. буудай -5,2 миң га), күрүч (0,3 миң га), тамеки (0,5 миң га), май берүүчү өсүмдүктөр (1,1 миң га), жашылча (0,2 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (3,8 миң га ) жана жүзүмчүлүк (0,6 миң га) өнүккөн (1999). 2000-ж. райондо 21,9 миң бодо мал (а. и. саан уй 12,0 миң), кой ж-а эчки 120,4 миң (облустагы кой ж-а эчкинин 28,1%), жылкы 2,1 миң, үй канаттуулары 55,3 миң болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 20,5%ин, жашылчанын 9,3%ин, жүзүмдүн 30,8%ин, эттин 25,5%ин, сүттүн 20,7%ин, жүндүн 18,6%ин берет. Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 26,5% Баткен районунда даярдалат (2002).
Транспорту
түзөтүүРайондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы узундугу 370 км; а. и. 101 кми эл аралык, 69 кми мамлекеттик., 200 кми жергиликтүү мааниде. Анын аймагынан Баткен - Бишкек (уз. 800 км), Баткен - Ош (230 км) автомобиль жолдору өтөт. 2002-ж. автомобиль транспорту менен 134,3 миң т жүк, 24,5 млн км жүргүнчү ташылган.
Билим берүү тармагы
түзөтүүРайондо 2002/03-окуу жылында жалпы билим берүүчү 50 мектеп (окуучулардын саны 23,1 миң) ж-а мектепке чейинки 2 мекеме болгон. Улуттук госпиталь, 2 аймактык оорукана, учук диспансери, 23 фельдшер-акушердик пункт, 10 үй-бүлөлүк-дарыгерлер тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт (2001).
Административдик бөлүнүүсү
түзөтүү9 айыл аймагы бар[2]:
- Дара айыл аймагы: Чек (борбору), Жаңырык, Тунук-Суу, Кан, Табылгы, Кайыңды, Сары-Талаа, Коргон-Таш, Жаңы-Жер;
- Төрт-Күл айыл аймагы: Чоң-Талаа (борбору), Ак-Өтөк, Ак-Турпак, Зар-Таш, Чоңгара;
- Кара-Бак айыл аймагы: Кара-Бак (борбору), Достук, Кызыл-Бел, Чет-Кызыл, Зардалы, Дөбө, Бай Кара-Бак;
- Кара-Булак айыл аймагы: Бужум (борбору), Кара-Булак;
- Кыштут айыл аймагы: Таян (борбору), Газ, Кыштут, Сай, Согмент, Чарбак;
- Самаркандек айыл аймагы: Самаркандек (борбору), Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Миң-Өрүк;
- Ак-Сай айыл аймагы: Ак-Сай (борбору), Көк-Таш, Үч-Дөбө, Капчыгай, Таштумшук, Миң-Булак;
- Ак-Татыр айыл аймагы: Ак-Татыр (борбору), Рават, Говсувар (Орто-Боз);
- Суу-Башы айыл аймагы: Боз-Адыр (борбору), Апкан, Бөжөй, Кара-Токой, Айгүл-Таш.
Маалымат булагы
түзөтүү- Экономическая карта области Archived 2011-09-30 at the Wayback Machine