Батырканов Жээнбек Мамбетович

Батырканов Жээнбек Мамбетович - (5. 2. 1939ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Үч-Кайнар айылы) экономист, экономика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). КРдин эмгек сиңирген экономисти (2000). КМУну бүтүргөн (1964). 1957-59-ж. Ак-Суу районунун Кызыл-Туу колхозунда тракторчу-комбайнёр, 1964-67-ж. Ак-Талаа районунда колхоздун башкы экономисти, 1967-68-ж. ошол эле райондун айыл чарба башкармасынын пландоо-эсеп бөлүмүнүн башчысы, 1969-76-ж. Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, 1976-77-ж. Кыргыз айыл чарба институтунда доцент, 1978-жылдан кафедра башчысы, бир эле учурда 197884-ж. экономика факультетинин деканы, 1984-92-ж. институтта проректор, 1992-95-ж. КРдин Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, КАУда доцент, кафедра башчысы, декан, проректор, 1995жылдан КРСУда, 1998-жылдан КГУСТАда кафедра башчысы. Чарба экономикасы жана менежмент боюнча адис. Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 60тан ашуун илимий иштери (анын ичинде 2 монография) жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Проблемы повышения эффективности управления сельским хозяйством на этапе перестройки экономических отношений на селе. Новосибирск, 1991; Основы предпринимательства. Батырканов, 1997.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4