Бачино – тарыхый топоним, Балыкчы шаарынын мурунку кыштак кезиндеги аты. Кыштак катары 19-кылымдын 70-жылдарынан бери белгилүү.

Мында (Кызыл токой деген жерде) 1871-ж. бир гана түтүн балыкчы орус жашаган. 1884-ж. Кызыл токойго М. И. Бачин көчүп келип, там салып, Ысык-Көлдөн балык кармаган. Кийин бул жер Бачино атыгып кеткен. 20-кылымдын башында Бачино кичинекей кыштак болуп кала берген, анда он чакты гана жапыз там үй, бир нече боз үй турган.

1909-ж. Балыкчы аталган. 1915-жылдын аягында Балыкчыда 24 короодо 137 киши жашаган, анын 20 түтүнү балык кармап күн көргөн. Ошондуктан жергиликтүү эл кыштакты Балыкчы деп атаган, к. Балыкчы шаары макаласын.

Адабият түзөтүү