Башкарылуучу түзөткүч — өзгөрмө (бир жана үч фазалуу) токту түзөтүүчү, анын чыгышындагы түзөтүлгөн чыңалуусу башкаруучу параметрдин чоңдугуна карата өзгөрүүчү вентилдүү өзгөрткүчтүн түрү. Башкарылуучу түзөткүч схемасы боюнча башкарылбоочу түзөткүчтөн айырмаланбайт, бирок анда башкарылуучу вентил (тиристор) пайдаланылат. Ал турактуу токтун электр кыймылга келтиргичинин айлануу ылдамдыгын жөндөйт, өзгөрмө жана турактуу токтун электр машиналарын дүүлүктүрөт, электролиз ванналарын азыктандырат, аккумуляторду заряддайт ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4