Баштыкчандар (лат. Metatheria) — тирүү туучу сүт эмүүчүлөр классчасына кирген жаныбарлар. Дене узундугу 4 см ден 160 см ге чейин. Көпчүлүк түрлөрүнүн ургаачысынын боорунда баласын салып жүрүүчү баштыктары (чөнтөктөрү) болот, аларда сүт бездеринин үрптөрү ачылат. Мээси жөнөкөй түзүлүштө. Плацентасы (чөбү) болбойт, 12-42 сутка көтөрүп начар өөрчүгөн балдарын тууп, 6-8 ай баштыгында көтөрүп жүрүшөт. Атайын булчуңдар жыйрылганда сүт баласынын оозуна агат. Баштыкчандардын 1 түркүмү, 9 тукуму (опоссумдар, жырткыч баштыкчандар, баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан көр чычкандар, кенгурулар), 220га жакын түрү белгилүү. Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинея, Чоң Зонд аралдарында, Түштүк Борбор жана Түндүк Америкада таралган. Токойдо, талаада жашоочу түрлөрү бар. Арткы буттары жана куйругу жакшы өрчүгөндүктөн, секирип жана чуркап жүрүүгө ыңгайланышкан. Баштыкчандар түрдүү курт-кумурскалар, майда омурткалуулар, куштардын жумурткасы менен азыктанат. Кээ бири айыл чарбасына зыян келтирет, башкалары промысел объектиси. ТКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү катталган.

Myrmecobius fasciatus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4