Бедел ашуусу, Бадаларт - Какшаал тоо тизмегинде. Суук-кыр ж-а Кара-бел тоолорунун аралыгында. Бийикт. 4260 м. Ашуудан Бедел суусунун сол куймасы Ыштык (Акшыйрактын алабы) башталат. Белден жыл бою кар-мөңгү кетпейт. Мойногу корумдуу, кумдуу келет; эки жак капталдары тик. Белде палеозой заманынын экинчи жарымында пайда болгон чулу тоотектер (кумдук, конгломерат, сланец, акиташтеги ж. б.) чыгып жатат. Ашуунун бели эзелтен эл катташкан кербен жол болгон. Адабиятта 8-кылымдын экинчи жарымынан белгилүү. Үчтурпандыктар бул белди Бадаларт деп да коюшат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4