Бедленд - (англ. badland куужер), чаптар, куужерлер чөлдүү жана жарым чөлдүү каксоо аймактардагы аң-чөнөктүү, адыр-күдүрлүү кокту-колоттуу татаал рельеф; дыйканчылыкка жараксыз жерлер. Негизинен жердин чополуу кыртышынын үстүңкү бетин нөшөрлөп жааган жамгырдын жууп кетишинен пайда болот. Көбүнчө Орто Азиядагы тоо этектерине мүнөздүү. Кыргызстанда бедленд Ат-Башы, Ысык-Көл (батышы), Нарын (Байгөнчөк, Актал) өрөөндөрүндөгү чаптар түрүндө кездешет.

Бедленд (АКШ‎).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4