Айтмамбет Бейшебай уулу (1984-жылдын июн (кулжа) айынын 29унда туулган) – кытайлык кыргыздардын ичинен чыккан жаш илимпоз, фолклор таануучу, аспирант.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Айтмамбет Бейшебай уулу 1984-жылдын июн (кулжа) айынын 29унда Кытайдын ШУАРындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында Ак-Чий (мурдагы Уч) шаарында туулган. Анын ата-бабасы – кытайлык мусулман кыргыздардын черик уруусунун карагул уругунан.

Атасы Бейшебай Тойтук уулу (1954-жылы 24-декабрда) туулган. Азыр Ак-Чий шаарында турат.

Энеси Батмаш Осмон кызы – жоош уруусунан. Ал Ак-Чий ооданындагы Жалаң-Чий кыштагында туулган. Бейшебай менен Батмаш 1970-жж. башында үйлөнүшкөн. Эки уул (Орозомамбет, Айтмамбет) жана эки кызы (Айгүл, Айшагүл) бар.

Айтмамбет орто мектепти КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий шаарынан (мурдагы Уч) окуп, 2003-жылы аяктаган.

2003-2009-жылдары Шинжаң педагогикалык университетинде окуп, психология адисигине ээ болгон.

2009-жылы 15-июнда Кыргызстанга барып, бир жарым жылдай Ош облусунун Алай районунда кытайлык фирмада котормочу болуп иштеди.

2011-жылдын февралынан тартып Кыргызстандан кайра Кытайга кайтып келген.

2011-жылдын май (бугу) айынан 2013-жылдын март (жалган куран) айына чейин Кытайдын Выши шаарында мамлекеттик кызматкерлерди тарбиялоо курсунда окуду.

2013-жылы сентябр (аяк оона) айынан тартып ал Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинде (Минзу) Казак тил-адабият факултетинде фолклор таануу боюнча 3 жылдык күндүзгү аспирантурада окуй баштаган.

Учурда Бээжинде жашайт.

Фолкор таануудагы иликтөөлөрү түзөтүү

Учурда ал кыргыз жана түрк фолклор таануусу жана В.Жирмунскийдин эпос таануу жаатындагы салымдары жөнүндө иликтеп келет.

Илимий жетекчиси – Токтобүбү Ысак кызы.

Билген тилдери түзөтүү

Эне тили – кыргыз тили. Андан тышкары кытайча (ханзу) мыкты билет, орусча окуй алат, англисче жана монголчо үйрөнүп жатат. Уйгур жана казак тилдериндеги адабиятты (араб жазмасында) эркин пайдаланат.

Эмгектери түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү