Үсөн Бейшеев

Бейшеев, Үсөн‎»‎ барагынан багытталды)

Бейшеев Үсөн (10.10.1920, Кочкор району, Теңдик айылы — 1982, ошол эле жер) — Даңк орденинин толук кавалери.

1942-ж. августта Советтик Армиянын катарына чакырылган. З-Украина жана 1-Белорусь фронтторунда Украина, Белорусия, Польшаны бошотууга, Берлинди алууга катышкан. Край Сегосу үчүн салгылашууда көрсөткөн эрдиги үчүн 3-даражадагы (6.3. 1944), Головачув шаарын бошотуудагы баатырдыгы үчүн 2-даражадагы (17.3.1945), Зелов бекемделген районун алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (15.5.1946) Даңк ордендери менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.