Бейшеке (Кара-Буура району)

БейшекеКыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Бейшеке айыл аймагына кирет.

Айыл
Бейшеке
Район Кыргызстан
Координаттар 42°33′03″ с. ш. 71°38′50″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1600[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Бейшеке (Кара-Буура району) (Кыргызстан)

Сарымсакты бөксөтоосунун этегинде, Талас каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Кызыладыр кыштагынан 16 км. Маймак (Казакстан) темиржол бекетинен 65 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, китепкана, соода түйүнү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Калкы түзөтүү

Калкы ― 1600 киши (2009-жылы)[1].

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4