Асанаалы Бейшенов

Бейшенов, Асанаалы‎»‎ барагынан багытталды)

Бейшенов Асаналы (24. 4. 1941-ж. туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Токбай кыштагы) живописчи, КРдин эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы В. И. Суриков атн. көркөм сүрөт ин-тун (1969) бүтүргөн. Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүн негиздөөчүлөрдүн бири.

1966-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.

1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бейшеновдун эмгектеринин тематикасы согуштун антигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз иск-восундагы адам менен жаратылыштын байланышы («Булактын жанында», «Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп саналат. Портрет жанрында натураны байкоосу картиналарында курч жана кооз живопистүү чечилген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4