Берди Кербабаев- Түркмөн эл жазуучусу,түркмөн адабиятынын негиздөөчүсү.

Өмүрү таржымалы түзөтүү

Берди Кербабаев 1894-жылы 15-мартта Тежен районунун Коуки-Зерен деген айылында туулган.Кат-сабатын жойгон соң билим алууну Ленинград университетинин Чыгыш таануу факультетинде улантып,аны 1928-жылы бүтүрөт.

Чыгармачылыгы түзөтүү

1927-жылы "Кыз дүйнөсү",1928-жылы "Адат курманы" поэмалары,1930-жылы "Акыйкат" деген ат менен аңгеме,очерктер жыйнагы басылып чыгып,окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.Бул чыгармаларында түркмөн элинин башынан өткөргөн оор күндөрдү,аялдардын азаттыкка чыгышы баяндалган.Отузунчу жылдардын аягында жарык көргөн "Чечүүчү кадам" аттуу революциялык тарыхый романында кош эзүү өкүм сүрүп,кара булут каптап турган оор мезгилдеги айыгышкан күрөштү,түркмөн элинин тарыхый тагдырындагы негизги турмуштун маанисин чагылдырган.Бул чыгармага 1948-жылы ССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.Берди Кербабаев Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Советтер Союзунун Баатыры Курбан Дурдынын эрдигин даңазалаган "Курбан Дурды" повестин,"Айлар" поэмасын жана патриоттук сезимге жык толгон бир нече аңгеме,очерк,ырларды жазган.Ал эми согуштан кийин түркмөн элинин алдыңкы колхозчу кызынын образын чагылдырган "Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны" повестин,нефтиде иштеген жумушчулардын тагдырын,республиканын өткөндөгү жана кийинки турмушун,келечегин баяндаган "Небит-Даг" жана көрүнүктүү коомдук ишмер К.Атабаевдин басып өткөн жолу,сиңирген эмгеги жөнүндөгү "Кереметтүү төрөлгөн адам" романдарын жараткан.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Түркмөн адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Берди Кербабаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылып,республикалык Махтумкули атындагы сыйлыктын жана бир нече орден,медалдардын ээси болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кербабаев Б.Тамчы суу алтын кыпыны:Роман /Котор.:Р.Умралин.-Ф.:Кыргызстан,1980.-416б.; Карли Чакандын уулу: /Повесть /Котор.: Ш.Келгенбаев.-Ф.:Мектеп,1979.-84 б;Шайыр Жапбактар:Повесть / Котор.Э.Тазабеков.-Ф.:Мектеп,1975.-107 б.Алиева С.Түркмөн адабиятынын аксаклы // Сов.Кыргызстан.-1974.-15-март; Берди Муратович Кербабаев 80 жашта // Эл агартуу.-1974.-№3.-Б.63;