Бетпак-Талаа чөлү, Бетпак далаа, Түндүк Ач-Талаа Казакстандагы чөл. Сарысуу, Чүй дарыясы менен Балкаш көлүнүн аралыгында. Аянты 75 миң км2дей. Бийикт. 974 м ге чейин (Жамбыл чокусу). Чыгыш бөлүгү Сарарканын уландысы. Батыш бөлүгүндөгү чополуу-баялыш-шыбактуу чөл өсүмдүктөрү чыгышында таштак чөлгө өтөт. Шор, такыр жерлер, туздуу көлдөр кездешет. Жазгы жана күзгү жайыт. Бетпак талаанын фаунасын сактоо максатында заказник, коруктар уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү