Бинаур эффекти (лат. bini - түгөй жана auris - кулак) - айбандардын жана адамдын үн булагы кайсы багытта жайланышкандыгын аныктоо жөндөмдүүлүгү.

Үн чыгаруучу нерсенин орду тыңшоочунун кулактарынын абалына карата анын горизонт, вертикаль тегиздиктериндеги бурчтары жана аралыгы менен аныкталат. Булактан чыккан үн 2 кулакка бир убакта келип жетпейт. Үндүн булагына жакын багытталган кулакка үн экинчи кулакка караганда аз убакытта келип жетет. Ошондуктан 2 кулактын каналына келип жеткен үн термелүүсүнүн амплитудасы (күчү) түрдүүчө болот. Демек 2 кулактын нерв системасына келип жеткен импульстар (сигналдар) түрдүүчө болуп, үн багытын аныктоого мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.