Бирнштейн, Борис Иосифович

Бирнштейн, Борис Иосифович (1947-ж.т. Вильнюс, Литва ССРи) - «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорациясынын президенти (1991-ж. 13-октябрь), Израилдин жана Канаданын жараны.

Дүйнөлүк масштабдагы машыккан аферист-бизнесмен, илимдин доктору, профессор, БУУнун алдындагы Түндүк америкалык маалымат таануу академиясынын академиги, Нью-Йорк Илимдер Академиясынын академиги, Орусия, Украина, Молдова жана Кыргызстан мамлекеттеринин президенттеринин экономика боюнча кеңешчиси, Бнай Брит-16 масондор тактысынын мүчөсү.

1972-ж. Вильнюстагы текстиль фабрикасынын директору, 1977-ж. Израилге эмиграцияланган, андан Батыш Европа өлкөлөрүнө өтүп бизнес кыла баштаган. 1982-ж. Швейцарияда «Сиабеко» (балдары Симон менен Алекстин баш тамгалары жана «Бирштейн жана компани» сөз айкалыштарынан турат) фирмасын түзүп, ишмердиги СССРден чыккан чийки заттарды сатууда ортомчулук кызмат көрсөтүү болгон.

Бирнштейн 1991-ж. А.Акаевдин чакыруусу менен Бишкекке келип Сиабеко-Кыргызстан» деген мамлекеттик-менчик корпорация түзгөн жана А.Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген бийик даражага ээ болгон. 1991-ж. Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча Комитет түзүлүп, анын курамына «Сиабеко-Групп» чет өлкөлүк фирмалардын бирикмесинин кызматкерлери киргизилген. «Сиабеко-Групп» корпорациясынын далдалчылыгы менен канадалык «Камеко» корпорациясы «Кумтөр» алтын кенин иштетүү укугун алган. «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу укугу ачык-айкын эмес жана атаандашсыз механизмдер аркылуу уран казуу чөйрөсүнө адистешкен «Камеко корпорациясына» берилген. Алтынды казууга адистешкен башка компаниялардын (мис., Грайберг Продакшн Корп., Англо Америкэн, Ньюмонт ж.б.) көбүрөөк пайдалуу шарттардагы сунуштарынан Кыргыз Республикасынын ошондогу жогорку бийлиги баш тарткан. Кумтөрдүн Бирнштейн А.Акаев менен бирдикте түзүп жана баштап кеткен коррупциялык схемалары, анын укуктук чиеленишкен негиздери бүгүнкү күндөрү да жалаң эле өкмөттүн эмес, бүтүндөй кыргыз журтунун көйгөйү катары кала берүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8