Бирюза, чеш, чечташ - (персче фирузе) фосфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CuAl6[POJ4(OH)8C QH2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5-6. С. салмагы 2,6-2,8. Бирюза алюминий кычкылы менен фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоотектерине жер бетиндеги жез жана иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асылташ катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү