Бисер (араб. бусра) – тунук, түстүү жана түссүз айнектен, сейрек металлдан жасалган, жипке тизүүгө ылайык ичке көзөнөгү бар майда шурулар. Б. өндүрүү Байыркы Египет, Византия, Чыгыш өлкөлөрү, Киев Русунда абдан белгилүү болгон. XIII к-дан баштап Б-ди Венецияда Мурано аралында жасап чыгара башташкан. XVIIIк. башында Чехиядагы Яблонец ш-нда стеклярусту (айнек түтүкчөлөр) өндүрө башташкан жана ал Б-дин бир түрүн түзгөн (яблонецтик бижутерия). Россияда Б. көркөм искусствосунун гүлдөп өнүгүшү XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башына туш келет. 1830–40-ж. бисерден жасалган буюмдарга болгон мода өз апогейине жеткен. Б. менен капчык, сумка, кисет, бювар, панно алкактын ичиндеги сүрөттөрдү кооздошкон. Бисерден жасалган жасалгалар – аялдардын костюмунда (шуру, кур, баш кийим, тарак, чач карматкыч, түйгүчтөрдө) кеңири пайдаланыла баштайт. Коомдун ар кайсы катмарларында Б. бастырылган сайма тикмечилик иштери аялдардын сүйүктүү кол өнөрчүлүгүнө айланган. Б-ден жасалган буюмдардын өнүгүшү жана моданын эволюциясы менен аны үйдөн жасалган кол өнөрчүлүк сувенири катары колдонуу башталат. Архитектура Б. түркүктүн валигиндеги жасалга катары пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү