Биссектриса - бурчтун биссектрисасы (би... жана лат. seco жара бөлөм, кесем) бурчтун чокусунан чыгып, аны тең экиге бөлүүчү түз сызык. Анын каалагандай чекити бурчтун жактарынан бирдей алыстыкта турат. Үч бурчтуктун биссектрисасы ички бурчтун карама-каршысындагы жактарды анын каптал жактарына пропорциялаш кесиндилерге бөлүүчү түз сызык. Биссектрисанын бир учу бурчтун чокусунда жатат, экинчи учу үч бурчтуктун жактарын кесип өтөт. Үч бурчтуктун биссеектрисалары ичтен сызылган айлананын борборундагы чекитте кесилишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү