Башбаракты ачуу

Бобров Всеволод Михайлович

Бобров Всеволод Михайлович (1. 12. 1922-ж. т. ) - советтик спортсмен (футболчу, хоккейчи), спортко эмгеги сиңирген мастер (1948), СССРдин эмгеги сиңирген тренери (1967), Советтик Армиянын офицери.

1953-жылдан КПССтин мүчөсү. СССРдин 1945-46-ж. топ менен ойнолуучу хоккей, 1946-48-ж. футбол, 1948-49, 1950-52, 1955-57-ж. шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча дүйнөнүн (1954, 1961), Европанын (1954-56), Кышкы Олимпиада оюндарынын (1956, шайба менен ойнолуучу хоккей) бир нече жолку чемпиону. Шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнөлүк чемпионатта (1954) мыкты чабуулчу катары бааланган.

Бобров Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.