Бодурлук иштетилген беттин рельефин түзүүчү жана айрым белгилүү бөлүктө карала турган микротегиз эместиктин жыйындысы. Ал каптал беттин (профилдин) четтөөсүнүн (орточо мааниден) орточо арифметикалык өлчөмү жана тегиз эместиктин бийиктиги менен мүнөздөлөт жана иштетилген беттин сапатын аныктайт. Бодурлук тетиктин жана машина түйүндөрүнүн иштөө касиеттерине сүрүлүшкөн беттердин жешилүүгө, дат басууга туруктуулугу, чарчоого бышыктыгы жана башкаларга таасир этүүчү буюмдун техникалык мүнөздө-мөсүяүн маанилүү көрсөткүчү. Негизги (базалык) узундугу l каптал беттин орточо сызыгы т боюнча саналат, анын сан мааниси тегиз эместиктин өлчөмүнө көз каранды жана 0,01; 0,03; 0,08; 0,25; 0,8; 2,5; 8; 25 мм сан катарынан тандалып алынат. Аны сан жагынан каптал беттин орточо арифметикалык четтөөсү R , 10 чекит боюнча каптал беттин тегиз эместигинин бийиктиги R , каптал беттин тегиз эместигинин эң чоң бийик. R , тегиз эместиктин орточо кадамын Sm, чоку боюнча тегиз эместиктин орточо кадамын S, каптал беттин салыштырмалуу таяныч узундугу tp менен бааланат. Тегиз эместикти мүнөздөөчү сан маанилери стандарт менен белгиленген. Анын мүнөздөгүчтөрүн тандоо тетиктин конструкциясына, алардын бетинин кызматтык арналышына жараша болот. Бодурлукту ченөө үчүн каптал бет өлчөө (профилометр) жана каптал бет чийүү (профилограф) колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү