Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1936) - кыргыздын даңазалуу акыны жана обончусу.

Боогачы Жакыпбек уулу
Төрөлгөндөгү аты:

Боогачы Жакыпбек уулу

Ишмердүүлүк тармагы:

акын, төкмө акын.

Туулган датасы:

1866-жыл

Туулган жери:

Шаркыратма болушу, Ат-Башы району, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Букаралык:

 Орусия империясы

Өлгөн датасы:

1935-жыл

Боогачы Жакыпбек уулу — Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында (илгеркиче Шаркыратма болушунда) 1866-жылы[1] -жылы, кышкы чилдеде төрөлгөн.Кыргыз төкмө акыны.Жеке эле Ат-Башыда эмес, бүткүл кыргыз жеринде Үкөйүм деген обон чыкса - Боогачыны билишет, Боогачы десе - Үкөйдү эске түшүрүшөт. Экөөнү ажырагыс кылып махабат оту данакерлеген.[2]Боогачы жакшы атты, сулуу жарды, куюлушкан ырды жакшы көргөн ышкыбоз адам болуптур. “Кара көздөр жоодурап турса, шагын сындыргым келбейт...” дечү экен. Жер-суунун көрүнүшүн көркүнө чыгара ырдап, ынактык, асылкечтик ыр саптары менен кынаптап, көркөм сөздүн кылдат күчү сонун обону менен коштоп, укканды өзүнө оп тартып алган таланттуу акын да, обончу да болгон.

Атбашылык Боогачы -
Айкын сөздүн устасы.
Кулак курчун кандырган
Куюлушкан нускасы...

Өмүр баяны түзөтүү

Боогачы Жакыпбек уулу Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында (илгеркиче Шаркыратма болушунда) 1866-жылы[3], кышкы чилдеде боз үйдө туулуптур. Карача деген аксакалы атын койгон экен.

 
Боогачы төрөлгөн Ак-Муз айылынын Совет доорундагы көрүнүштөрүнөн.

Энеси Таштанбүбү көз жумганда Боогачы тогуз жашар болот. Эки-үч жыл өткөндөн кийин атасы Өзгөн тарапка узакка жолоочулап кетип, келгенде сураптыр:

- Каралдым, мен жокто сени эч ким кордогон жокпу?

Боогачы ыр менен жооп кайтарат:

Алтындан топчу бүчүмдө,

Апамдан калдым кичимде.

Айкана таздан таяк жеп,

Азабы менин ичимде.

Күмүштөн топчу бүчүмдө

Күкүктөй калдым кичимде.

Кулканадан таяк жеп,

Күйүтү турат ичимде. [4]

Айкана, Кулкана - Боогачынын өгөй энелери, ушулардын колунда калган.

Атасы ырды уккандан кийин, эч персе дебей, биртике бүркөлүп туруп, “акыйкат” дептир! Бул - баласына жана ырга ыраазы болгону эле.

Эл ичинде Боогачынын атасы Жакыпбекти мыкты киши эле дешет.Жакыпбек бийликте болбосо да, элге кадырлуу, кара сөзгө жүйрүк, ыкчыл, намыскөй, чачылганды кураган киши экен.

Бир кездерде чачырап кеткен туугандарын тилге көндүрүп, чоң аракет жасап: Ысык-Көл тараптан, Сары-Өзөн-Чүйдөн, кең Таластан, Жалал-Абад, Өзгөндөн көчүрүп келип, миңге жакын түтүндүн башып курап, өзүнчө “Шаркыратма” болушу делинип аталган.

Боогачы атасын тартып тың чыккан дешет. Боогачынын бир тууган Туяна деген эжеси сулуу, мүнөзү жибектей, адамгерчиликтүү, ойду айттырбай билген кыраакы акын болот.

Кийин атасы Жакыпбек дүйнөдөн кайтканда жер алыс болуп кабар жетпей калып, ашында келет. Ошондогу Туянанын кошогу:

Атакем моңолду издеп тынбаган,

Атакем карч уруп жанын кыйнаган.

Атакем оң-солго жетип кабары,

Уккандын баары сыйлаган.

Боогачы 1928-жылы Оренбургга сүргүнгө жазыксыз айдалып, андан соң сүргүндөн элге 1932-жылы келип, Нарында Шаркыратманын оозунда турду.

Кийинчерээк Дөбөлүгө көчүп кеткен. Ал ошол жерде, 5-майда 1935-жылы[5], 69 жашында дүйнөдөн кайткан.

Болуштукка шайланышы түзөтүү

Революциянын алдьңкы жылдары, ачыгыраак айтканда, 1915-жылы, “болуш шайланат” деп айыл ичи кым-куут түшүп, күтүнүп калат.

Шайлоону өткөрүүгө ичкериден келген төрө аны көшөкөрлөнүп ээрчигеи жергиликтүү - мурда шайланып келаткан бий, болуш жана анын жөкөрлөрү өз ара жүргүзүшүп, буюрса, “палапча” шайланат деп, алдын ала камсыз болуп жатканда Боогачынын оюна келбеген, түшүнө да кирбеген бир чоң окуя болот. Эч нерседен капары жок Боогачы ар жакта бир боз үйдө, тирелишкен кишилердин арасында, адатынча элдин кумарын жазып толкуп-чалкып ырдап жатса, анын жана элдин дуулдаган үнүн угуп, бери жакта жасалгалуу чоң боз үйдө тамактын үстүндө олтурган шайлоо өткөрүүгө келген өкүл башчысы: “Бул ким ырдап жаткан, мында келсин!”- деп, Боогачыны чакыртып алат. Дасторконго олтургузуп алып ырдатат. Тилмеч аркылуу сүйлөшөт. Боогачы “Үкөйдү” ырдап кирет. Ыр уланат, сөз уланат... Үйдүн ичи күлкүгө толуп, сыртта тургандар да сүрөөгө алышып, дуу көтөрүлөт.

“Мен бий, мен болуш болом...” деп олтургандар да күлкүгө батып, “Бали, бали!” деп ыракаттанып олтурушат. Алиги шайлоону өткөрүүгө келген чоң төрө: “Бул кызык киши экен, элге кадырлуу, чечкиндүү, чечен экен...” деп, жактырып калат. Кылт этип ой түшөт: “Ушул кишини болуш шайлап кетсем эмне болот?.. Бул сөзү менен, ыры менен эле өзүнө тартып атат. Чечен, колунан иш келет!..” Ушул оюн чоң төрө бекемдейт. Ордунан тура калып, попуросун бурулдатып, оюн ачыкка чыгарат. Тилмеч тилге кирет: “Боогачы", болуш болосуң, сени шайлаймын, сөз бүттү!”

Туш-туштан үндөр чыгат: “Болуш боло бер, макул де!”

“Чаң асманын чыгарды го бул төрө...”- дегендер да болду.

“Чоң төрөнүн” айтканы ишке ашты. Ойдо жок жерден Боогачы болуш болуп калат.

Боогачынын элге жасаган эмгектери түзөтүү

Сабатсыздыкты жоюу түзөтүү

Боогачы [Нарын облусу|Нарында]] Ногойбай деген соодагер-сүткордун эшигинде жалданып жүргөндө ара-тородо молдодон окуй коюп, арапча арип таанып, салам кат жазганга үйрөнүп, китепти шар окууга жараган экен. Аны окуткан молдосу шар окуйт, бирок тамганы кураштырып жазып көргөн эмес экен. Буга таң кала турган жери жок, а кезде көпчүлүк молдолор ошондой окушкан. Боогачы кээ бир молдолорду да көрө коюп журуптур, алар китепти да окушат, кагазга саймалап тамга түшүрүп кат да жазышат.

Ушундай мугалим керектигин көңүлгө түйүп коюптур. Күндөрдүн биринде Ак-Муз айылына кызык кабар тарады:

“Биздин Катаган молдонун шору кайнаптыр.”

- Эмне болуп, ботом?

- Боогачы тиги Ысык-Көл жакка барып Кара-Колдон молдо алып келиптир, катты шыпылдатып шурудай тизип жазат дейт. Биздин Катаган молдодой эмес, билими чоң молдо дейт... Көп узабай эле биринен-бири угушат. “Боогачы сөз айтат экен, барып угалы” дешип, Боогачынын айлына көп кишилер келип чогулушат.

Дале болуш аты калелек Боогачы уй мүйүз тартып олтурган элге кайрылат.

— Туугандар, мына жаш, карыңар баарыңар олтурасынар. Заман өзгөрүп, бүгүнкү көргөнүбүздөн эртеңки көргөнүбүз жаңы боло баштады. Көлдүктөр буурусунду таштаптыр, орус соко менен жер айдашат экен, чөбүн атка чегилген машине менен чабышат. Андан башкасы да бар. Көлдөгуү чоңдордун (колу жетиштүүлөрдүн) балдары Караколдон орусча окушуп уйезге тилмеч, болушка катчы болгонун көрдүм. Биздин Катаган молдо менен Ясынахун кашкарлыктан окуган балдар: “Чар китеп”, “Сопуаллаяр” окушса да кат билишпейт. Кат билбегенден кийин молдо болгону кайсы. Дубай-салам жаздырыш үчүн бир суудан экинчи сууга барып зарыгасыңар. Жалганбы? Көлдөн молдо алый келдим, Кара-Колдон окуптур. Жаш болсо да, билими жетик, элге, силерге эп келсе, балдарды кат билбеген пайдасыз Катаган менен Ясынахундан окутпай, менин кичнне молдомон окуталы, - деп элди көндүрөт.

Боогачынын тамы түзөтүү

Ошол кезде элетте эң алгач там салгандардын бири Боогачы эле. Анын асты-үстү тактайланган чакан эки бөлмө топурак кирпичтен тургузулган жапыс тамы үстү тактай менен чатырланган.

Бул тамды “мейманкана” атап коюшкан. Биердегилер боз үйдө турушкандыктан эч кимиси темир мештен пайдаланчу эмес, ал тургай темир меш өзү да жок эле.

Там салгандан кийин Боогачы Нарын шаарынан базар күнү бешик-меш таптырып сатып алып, төөгө жүктөтүп алып келген. Жаңы тамга ошону койгондон кийин “Боогачынын ысык үйүн” көрсөк дегендер да болгон.

Мына ушул үйдү Боогачы мектеп кылып пайдаланууга берди. Ак-Муздун кышкы суугунда сагызган тоңуп өлгөн дешет. Боз үйдө кандай окуу болмок.

Ушул жаңы мектепти “Усулу жадид” (жаңы ык, жаңы метод) мектеби деп аташты. Тиги кичине молдоке - Дуйшөнаалы Боогачынын үйүндө туруп окута баштады.

Боогачы салдырган мектеп түзөтүү

Кыйладан бери ойлоп жүргөн оюн Боогачы эми элдин талкуусуна коймок болот.

Эл жайлоого көчүп кетелекте, жаз алды камданды. Айылдагылардын баарына күн мурун кабарлап, анан чон жыйналыш болду. Бул жыйында мектеп тууралуу маселе каралды. Көптөн бери Боогачынын жүрөгүнө кыттай кадалып жүргөн нерсе ушул болучу.

Аттарын жабыла тушап коё беришип, төш таяна жабыла олтурган элге кайрылды:

- Кана, акылдашалы! Биз элбизби? Ооба. Колубуздан бирдеме келеби? Келет. Эмесе кеңешип бир иш кылалы. Айылга мектеп ачалы, балдарыбыз окушсун, кат таанып ак-караны ажыратышсын, кандай дейсиңер?

Үндөр жабалактады:

- Туура, туура! Ошентели!

- Атаганат, сөз эмес бекен!

- Каражатты ким берет?

- Эл берет!

- Каражатты биз өзүбүз бербегенде ким бермек эле?!

Ошентип, эл өздөрү бул ишти жактап демилге көтөрүштү. Ошол 1920-21-окуу жылына 7-8 бөлмөдөн турган мектеп салууга бел байлашты.

- Быйыл, эркектер, жайлоого чыкпагыла, кыш куябыз, курулуштун үстүндө бололу!-деп Боогачы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Макул болушту.

Бул мектеп күз айларына чейин бүткөрүлүп мектеп катары пайдаланууга өткөн.

Буудай айдоо түзөтүү

Боогачы Көл тарапка барып өз көзү менен көрүп, элге айтып келгендерин эсинен чыгарбаптыр, жаз алды менен: “Быйыл буюрса буудай айдайбыз, арпа нан жеген Ат-Башылыктарга ак буудайдын нанын тартуулайм” деп калыптыр. Жок, чын эле, өкмөт берген көк соколор менен дыңды бузуп, чийди актатып, буурусундан бөлөк куралды көрбөгөн Ак-Муз жерине жалтылдаган соколордун арааны жүрдү. Азоо жылкыларды да сокого кошуп, алка-шалка терге түшүрүп, күч унааларды чогултуп жемдеп-чөптөп, айылдагы солкулдаган жигиттерге соко карматып, өзү бакылдап иштин үстүндө жүрүп, жерди ала-шала кылып, бир нече күндөр бою бака-шака түшүрүп кош айдатты.

Бул айылда мурда эч качан мындай болгон эмес, ар ким өз бетинче каалаган учурда ар кай жерде сереңдеп буурусун менен чиймелеи жүрөр эле. Ошол эле кишилер ушулар, эми топтошуп соконун артында. Буудай үрөөнүн төөлөргө,өгүздөргө жүктөтүп Боогачы Нарындан алдырып келди.

“Жарыктык буудай!” деп, кай бирлери баласына бадырактык сурап жатты. Күз да келди.

Мурда “Биздии Ат-Башыга буудай чыкпайт” дешчү эле. Эми бул Боогачы септирген буудай калаган чийдей болуп, машагы кере карыш, даны да барсайып орок өткүс коюу чыкты. Ал турмак оең жердики шамалга жапырылып калды. Айылдагылардыи пейли оңоло түштү. Ак-Муздуктарда кандайдыр бир көтөрүңкү суйлөө байкала баштады.

Сүргүнгө айдалышы түзөтүү

Келиндер Боогачыны “Болуш аке” деп тергей баштаганга көп убакыт өтпөй эле, замана кымкуут болуп куурулуп, эл бүлүнуп, кытай жерине кыйласы ооп кетти. Падышанын өкүмү, чечиминин кадыр-баркы, күчу кетип калды. Бай-манаптар, бий-болуштар да алактап калышты. Боогачынын кызматы ак падышага өтпөй калды. Дүйнө абалын көрүп турган Боогачы да эки арада калганын билип, замандын агымына карап, өз билгенин иштеп жүрдү. Ырдаганын токтоткон жок, мурдакыдай эле кабак-кашым дебестен, мен “болуш” болдум деп кейкейбестен эл ичинде, барган жерде “обонду созо берет, танбайт, эл да угуудан тажабайт.

Ак-Муздук замандашы Саадабай уулу Моңкош карыя айтат:

— Жер ооп кеткендер жакшылыктан жаңы кабар угуп, бир жылдан кийин эл-жерге жөө-жалаңдап кайра келе башташты. Ач, жылаңач, малдан кол жуушкан, үй-жайлары жок. Ошондо Боогачы элди чогултуп, кеп-кеңешин айтып, үркпөй калгандардан, көбүнчө байлардан жардам уюштуруп, өзү тирикарак кишилерди ээрчитии жүрүп, бир канча бодо мал, жүздөгөн кой, эчки, аштык, чөп, отун жыйнап, “качкындарга” таратып бергенин көзүбүз менен көргөнбүз. Ошентип арып-ачкандарды Бокең ачарчылыктан сактап калган. Элге кадырлуу экенин ушундан эле билүүгө болот эмеспи!

Боогачыны май-манап деген айып менен 1929-жылы, 29-февралда сүргүнгө кетет. Улгайганда керген жалгыз баласы Ийгиликти жетелеп келип колунан кармам калың элдин ортосунда минтип ырдайт:

Айланам жалгыз чырагым,

Амал жол турган убагым...

Аман бол элдин ичинде,

Амандык тилеп турармын!

Алдыман чуркап чыгаарым,

Артымдан ээрчип турарым.

Айланып кайра келгенче —

Амалым канча, чыдаармын. [6]

Боогачы ушинтип ырдап жатканда ыйлагандар көп болгон. Ошол чогулуштан кийин Боогачы сүргүнгө – Оренбург областына жөнөтүлөт. Боогачы кетип бара жатып: “Мен эмне үчүн айдалып баратканымды өзүм да билбей турам” – деп айтыптыр.

Боогачы сүргүнгө кеткенден кийин, анын ырлары, обону өз атынан айтылбай калды. Аны айтуучулар өз жандарынан чочулап, Боогачыны зыяндуу, коркунучтуу киши катары эсептеп, “ал эми кайра келбейт, ың-жыңсыз жоголот” деген ой менен жүрүштү. Анын жакшы обон, жакшы ырын өзүнө ыкташтырып пайдаланып жүргөндөр да болбой койгон эмес. Азыркы мезгилде дагы "Арпанын - Ала тоосунан", " Ак - Зыйнат" ырлары элдик ыр болуп жаңылыш аталып жүрөт.

Үкөй түзөтүү

Күндөрдүн биринде Нарындагы Дөбөлү айылында кыз тоюна туш келет. Уккандардын көңүлүн ыр менен өзүнө тартып алып, тамаша куруп олтуруп Уулкан деген кызга көзү түшүп калат. Жылдызы жайнаган селки Боогачынын жүрөгүнө астыртадан ажарлуу жүзу менен чок ыргытты.

Бокең өз сүйүүсүн каймана сездирет. Ырдын касиетин кара!

Боогачы ырдайт:


Сурмалуу көз, ак маңдай,

Сүрөткө боюп тарткандай.

Экөөбүз билер күн болсо,

Өмүрүң өтсүн картайбай!

Көмүскө жерде калтардай,

Жүрүпсүң элде байкалбай...

Зээри учуруп жаштыктын,

Зергек болгун шалайбай![7]

Уулкан бул ырдын маанисине түшүнүп, жүрөгү эч убакта болуп көрбөгөндөй бир нерсеге кабылып жатканын сезип турса да, ыр өзүнө арналганын билген жок. Анткени БоогачыҮкөйүм” деп атын буруп койду, анын үстүнө бул ырды биринчи угуп олтурат. Ата-энеси эркек бала көрбөй жүрүп, ушу кыз төрөлгөндө: “Артынан уул келсин” деп ырымдап, Уулкан койгон экен. Бул ыр желдей тарап кетет, бирок кайсы кыз экени ачык билбей, “Үкөй” деп озондоп ырдап жүрүшөт элет жаштары. Ыр менен жашап калган Боогачы эл арасында көбүрөөк болуп, турмуш кызыгына батып, сулууларды көргөндө огобетер толкунданып ырдайт, үнү да каргылданбайт, коңгуроодой кетет. Ырдагандан чарчабаган адаты бар.

Боогачы менен Үкөй окуясы эл арасында эки түркүн айтылып жүрөт. Мезгил созулуп улумдан-улам ооздон-оозго өтүп кеңири жайылып кеткендиктен, кошул-ташыл болуп өзгөрүп кеткени байкалат. Үкөйдү мурунку кайындап жүргөн күйөөсү алып келе жатып жолдо Боогачыга тарттырып жиберген соң, кыздын - Үкөйдүн төркүнүнө токтоосуз кайра барат. Ал жерде айла-амал таап, “кыздын атасы аттан жыгылып ара жолдо жатат...” делинип, шашылыш киши жиберилип, Үкөйдү алдырып кетет.

Барары менен атасы Үкөйдү мурунку күйөөсүнө аттандырыи жиберет. Бул учурда Боогачы үйдө жок болот жана Үкөй анда канча турганы белгисиз. Үкөйдү Боогачы алган эмес, ал Үкөйдү келин кезинде көрүп, ашык болуп ырдаган” делинип, Нарын тарапта айтылат. Ал эми Ак-Муздук туугандары “Боогачы Үкөйдү алган” деп айтышат. Эмнеси болсо да ыр Боогачыныкы, Үкөйдү ырдаганы чын. Эл ырды, окуяны өз кызыгына айландырган. Эл деген; эл да! Чыгарма деген ошол, бутактап кетмейи бар.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Боогачы өз мезгилинде элеттен чыккан таланттуу лирик акын, сонун обончу болгон. Башка ырчылар сыяктанып аш-тойлордо бирдеме үмүттөнүп же болбосо бай-манаптарга, колунда бийлиги барларга көшөкөрлөнүп ырдаган эмес. Өзүнүн жүрөгүнөн жалындап чыккан ынактык, сырдаштык ырлары менен журтчулукка таанылган. Анын лирикалык ырларынын эки жыйнагы жарык көргөн. Биринчиси “Секетбай” деген ат менен 1925-жылы Москвадан арабча басылган. “Күйгөн” китеби 1927-жылы, Фрунзе шаарында, араб тамгасында чыккан. 1990-жылы “Адабият” басмасы бул эки жыйнакты бириктирип басып чыгарган.

Пайдаланылган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.
  • Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990

Шилтемелер түзөтүү

  1. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 54 б.
  2. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 54 б.
  3. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 54 б.
  4. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 60 б.
  5. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 66 б.
  6. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 65 б.
  7. Боогачы: Секетбай; Күйгөн: Ысмайыл : Айтыштар. Дастандар. Эскерүүлөр. Ырлар / Түзгөн: Мырзалы Ысмайылов - Фрунзе, 1990, 70 б.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү