Борду кенташ калдыгын сактоо жайы

Борду кенташ калдыгын сактоо жайы Чүй облусундагы Орловка шаарчасынан 2 км түштүк батышта жайгаштырылган. Орловка мамлекеттик акционердик коомуна (1954-66-ж. Борду коргошун фабрикасы) караштуу. 1954-ж. ишке киргизилген. Долбоордук көлөмү 3200 миң м3, толтурулганы 3500 миң м3. Консервацияланган. Радиоактивдүү эмес. Мында Борду коргошун фабрикасынан (курамында сейрек кездешүүчү металлдар 0,8-1%, торий 0,3%, цирконий 5%, фторий, 40-60%, темир кычкылы 10-20%, кремнезём, 15-20%) жана Орловка химия-металлургиялык тоокен комбинатынан иштетилип чыккан калдыктар сакталат. Азыркы экологиялык абалы канааттандырарлык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү