Сатылган Боркеев

Боркеев Сатылган‎»‎ барагынан багытталды)

Боркеев Сатылган (1913, Көдүл айылы - 1976, Токтогул шаарчасы) - Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1949-54).

  • 1931-ж. Жалал-Абад педагогикалык техникумун бүтүргөн.
  • 1931-34-ж. Токтогул райондук эл сотунда катчы,
  • 1934-40-ж. Токтогул райондук эл депутаттар кеңешинде бөлүм башчы, секретарь, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор,
  • 1941-48-ж. Октябрь, Сузак райондорунун эл депутаттар кеңешинин төрагасы,
  • 1949-58-ж. Жалал-Абад облустук айыл чарба башкармасынын начальниги, Кыргызстан пахта даярдоо трестинин башкаруучусунун орун басары, Жезказган кенинде бургулоочу мастер, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде даярдоо башкармасында инспектор,
  • 1958-66-ж. колхоз-совхоздордо, завод ж. б. ишканаларда жетекчи болуп иштеген.

«Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. Токтогул шаарчасындагы көчөгө ысмы коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5