Боровкова, Людмила Акимовна

Людмила Акимовна Боровкова (19.12.1930 – 05.2.2011) — орусиялык чыгыш таануучу, тарыхчы, булак таануучу, профессор. Тарых илимдеринин доктору. Ал тарыхый география, этностук тарых, синология, Кытай тарыхы, түрк элдеринин тарыхый географиясы, чөлкөм таануу боюнча таанымал адис.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Людмила Акимовна Боровкова 1930-жылы 19-декабрда СССРдин Орусия Федерациясындагы Смоленск облусуна караштуу Громово кыштагында туулган.

Ал 1953-жылы М.В.Ломоносов атындагы ММУнун (МГУ) тарых факультетин аяктаган.

Ал 1963-жылы “”Кызыл кошуундардын” көтөрүлүшү жана Юань сулалесинин (династиясынын) кулашы (1351–1367-жж.)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. [1]

1994-жылы докторлук диссертациясын коргогон. [2]

Өмүрүнүн көпчүлүк жылдарын СССР ИАсынын Кытай таануу институтунда (1957–1961), андан соң СССР ИАсынын (жана Орусиянын ИАсынын) Чыгыш таануу институтунда (1961–2010) илимий кызматкер катары иштеп өткөрдү.

Ал 2011-жылы 5-февралда Москва шаарында кайтыш болгон

Илимий багыттары түзөтүү

Людмила Акимовна Боровкова Евразиянын (асыресе Ички жана Борбордук Азиянын) тарыхый географиясы, түрк элдеринин тарыхый географиясы, этностук тарых, синология, байыркы жана орто кылымдардагы Кытай тарыхы, байыркы кыргыз тарыхы, чөлкөм таануу, булак таануу боюнча таанымал адис эле.


Кыргыз таануу маселелери түзөтүү

Л.А.Боровкованын изилдөөлөрүнүн аркасында байыркы кыргыздар байырлаган жер – Чыгыш Теңир-Тоо кыркалары экендиги тастыкталган.
Анын концепциясын Ю.С.Худяков, Т.К.Чоротегин, М.Ч.Кожобеков сыяктуу кыргыз таануучулар ырааттуу колдоп келишет. [3]


Л.А.Боровкованын эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Боровкова, Людмила Акимовна. Проблема местоположения царства Гаочан (по китайским историям). — Москва: Рос. АН . Ин-т востоковедения., 1992. — 183 с.
  • Боровкова, Людмила Акимовна. Кушанское царство : (по древ. кит. источникам). — Москва: Рос. акад. наук, Ин-т востоковедения., 2005. — 313, 1 с. — ISBN 5-89282-265-6.
  • Боровкова, Людмила Акимовна. Народы Средней Азии III-VI веков (по древним китайским и западным источникам). — Москва: Рос. акад. наук, Ин-т востоковедения., 2008. — 359, 8 с. — 300 экз. — ISBN 978-5-89282-304-3. (в пер.)
  • Боровкова, Людмила Акимовна. Царства "Западного края" во II - I веках до н. э.: Восточный Туркестан и Средняя Азия по сведениям из "Ши цзи" и "Хань шу". — Москва: ИВ РАН-КРАФТ+, 2001. — 355, 12 с. — ISBN 5-89282-153-6.
  • Боровкова, Людмила Акимовна. Запад Центральной Азии во II пол. до н.э. - VII в. н.э. — Москва: Наука. ВЛ, 1989. — 181 с. — ISBN 5-02-016459-3. (обл.)
  • Боровкова, Людмила Акимовна. Автореферат дис. на соискание учен. степени кандидата ист. наук / Акад. наук СССР. Ин-т народов Азии. - Москва : [б. и.], 1963. - 19 с.
  • Боровкова Л. А. Проблема местонахождения царства Гаочан: (По китайским историям). М.: Наука. 1992. 180 с.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Арноо. Arnoo. ارنوو :Көрүнүктүү кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяковдун 70 жылдыгына арналган илимий жыйнак / Редколлегия: К.С.Молдокасымов (төрага); жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: «Турар» басмасы, 2017. – 188 бет, сүрөт. – «Мурас» фонду. – «Кыргыз Тарых Коому» ЭКБсы. – «Тарых жана мурас» түрмөгү.
  • Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)
  • Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии / Отв. ред. Т.К.Чоротегин. — 2-е изд. — Бишкек, 1995. – 232 с., илл., карты. — С. 48-58.
  • Чоротегин Т. К. Очерки истории кыргызов и Кыргызстана: (С древнейших времен до конца XVIII века) // Кыргызы: 14-ти томник. 11-й том. Источники, история, этнография, культура, фольклор / Составители: Кенеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторы Темир Асанов, Рыскул Жолдошов. — Бишкек: Бийиктик, 2011. — ISBN 978-9967-13-792-9. — С. 157—195.
  • Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары (КМУ, Бишкек, 23.11.2018) / Илимий редакторлор Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2018. – 378+ii б., сүрөт. – И.Арабаев атындагы КМУ. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. – ISBN 978-9967-12-767-8.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. Боровкова, Людмила Акимовна. Автореферат дис. на соискание учен. степени кандидата ист. наук / Акад. наук СССР. Ин-т народов Азии. - Москва : [б. и.], 1963. - 19 с.
  2. Боровкова Л. А. Проблема местонахождения царства Гаочан: (По китайским историям). М.: Наука. 1992. 180 стр.
  3. Чоротегин Т.К. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты: Байыркы доор жана орто кылымдардын эрте мезгили // 1-эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары (3-5-май 2013, Бурса) / Китепти басмага даярдаган жана редактору проф., д-р Гүлзура Жумакунова. – Бурса: Улудаг университети басмаканасы, Bilnet Matbaacılık ve Ambalaj San. A.Ş., 2017. – ISBN 978-975-6149-84-3. – XXIV+466 бет. – Улудаг университети жарыялары. – Мында: Б. 173–189.