Анатолий Борцов

Борцов Анатолий‎»‎ барагынан багытталды)

Борцов Анатолий - акын Борцов Анатолий Константинович Одессада 1917-жылы туулган. 1932-жылы Одессадагы жети жылдык мектепте, кийин трамвайчылардын окуу жайында окуган.

1933–1938-жж. Одессанын ар түрдүү ишканаларында слесарь болуп иштеп, 1938–1949-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1949-жылы Фрунзеге келип, 1950–1953-жж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы Республикалык партиялык мектептин коменданты, 1954-жылы Первомайск Аткаруу комитетинин бөлүм башчысы, 1957-жылы СССР адабий фондусунун Кыргыз бөлүмүнүн директору, 1962–1974-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинин кабарчысы болгон.

Чыгармалары 1955-жылдан баштап жарыяланып, «Аңчылык жөнүндө ырлар» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн.

Ал М.Токобаевдин, К.Маликовдун, Б.Карагуловдун чыгармаларын орус тилине которгон.

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендигинин 30 жылдыгы» медалы менен сыйланган.

1963-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Газета сатуучунун таңы: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 16 б.


Орус тилинде түзөтүү

Стихи об охоте. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 52 с.

Навстречу солнцу. Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 250 с. (Л. Аксельруд, А. Битюков, А. Борцов, Ф. Зарецкий и др.)

Ветры юга: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 74 с.

Утро газетчика: Поэма. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1962. – 22 с.

Лирика. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 96 с.

Ветры юга: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1969. – 49 с.

Улица революции: Стихи и поэма. – Ф.: Кыргызстан. 1970. – 74 с.

Салам тебе, Кыргызстан: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 140 с. (А. Борцов, И. Волобуева и др.).

Прощание с морем: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 148 с.


Колдонулган адабияттар түзөтүү