Бостон Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Момбеков атындагы айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 18 км батыш тарапта. Жалал-Абад темиржол бекетинен 66 км. Бишкек Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 640 м бийиктикте жайгашкан. 1896-ж. орношкон. Калкы 1616 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан эгиндерин өстүрүүдө эмгектенет. Май чыгаруучу 2 жана пахта тазалоочу заводдор, акжуаз, 3 тегирмен, автомобилге май куюучу станция, 6 дыйкан чарбасы, 4 жеке чарба, дүкөндөр иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Акчабаев туулган.

Бостон
Бостон
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

1 616 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 616 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактар түзөтүү