Ботвинник Михаил Моисеевич

Ботвинник Михаил Моисеевич [4 (17). 8. 1911, РФ, Ленинград облусу, Куоккала (азыркы Репина) – 5.5.1995, Москва] – шахматчы, техника илимдеринин доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмгек сиңирген спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–57, 1958–60 жана 1961–63). Шахмат теориясынын новатору жана шахмат боюнча бир нече эмгектин автору. Ленин жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү