Яков Бочкарев

Бочкарев, Яков Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Бочкарев Яков Васильевич (1928-жылы төрөлгөн Аламүдүн району, Аламүдүн айылы-2003)- инженер-гидротехник, техника илимдеринин доктору (1967), профессор (1969). Кыргызстан УИАнын корреспондент мүчөсү (1993). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп чыгаруучусу. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 1976).

Бочкарев Яков Васильевич

Өмүр таржымалы түзөтүү

1954-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүп, ушул эле институтта окутуучу, улуу окутуучу, доцент.
1962-жылдары гидравлика жана автоматика кафедрасынын жетектеген.
1978-жылдан мелиорация системасын комплектүү автоматташтыруу боюнча лаборатория башчысы.
1966-87-жылдары гидромелиорация факультетинин деканы.
1987-жылдан гидравлика жана автоматика кафедрасынын башчысы.
Эмгектери сугат иштери автоматташтырууга жана башка арналган. 3 китеби (анын ичинде окуу куралдары) 350дөн ашык илимий эмгек (анын ичинде 25 ойлоп чыгаруусу) бар.

Сыйлыктары түзөтүү

Эл Достугу “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.