Брижит Жонстун күндөлүгү

"Брижит Жонстун күндөлүгү" (англ. Bridget Jones's Diary, орус. Дневник Бриджит Джонс) 2001-жылы Британия, Америка жана Франция биргеликте тарткан романтикалык комедия. Тасманы тарткан Шерон Магуайр жана сценарийин жазгандар: Ричард Куртис, Эндрю Девис, Элен Филдиң. Тасма, Жейн Остиндин "Намыс жана сокур ишеним" чыгармасынын кайрадан интерпретациясы болгон Филдиңдин ошондой аталыштагы романына негизделген. Адаптациянын башкы жылдыздары: Брижит (Рене Зельвегер), орой Дэниел Клевер (Хью Грант) жана Брижиттин "чыныгы сүйүүсү" Марк Дарси (Колин Ферт). Тасманы тартуу 2000-жылдын май айында башталып, негизинен Лондондо жана жергиликтүү аймактарда тартылган. Тасма алгач 2001-жылы, 4-апрелде Улуу Британияда көрсөтүлгөн. 2001-жылы, 13-апрелде Улуу Британиянын жана Американын кинотеатрларында көрсөтүүгө берилген.

Брижит Жонстун күндөлүгү жакшы сын-пикирлерге арзып, дүйнө жүзү боюнча 280 миллион АКШ долларын табуу менен кирешелүү тасмалардын бири болду. Зельвегер тасмадагы ролу үчүн Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" наамына талапкерлиги көрсөтүлгөн Тасманын кийинки бөлүмдөрү "Брижит Жонстун акыланан адашуусу" 2004-жылы жана "Брижит Жонстун ымыркайы" 2016 жылы чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү