Булгоочу заттар – чөйрөнү булгаган түрдүү физикалык агенттер, химиялык заттар жана биологиялык түрлөр (негизинен микроорганизмдер). Жаралышы боюнча булгоочу заттар табигый (жаратылыш чөйрөсүнүн), антропогендик (адамдын чарбалык иш-аракетинин негизинде) жана биринчилик (булгоочу булактан), экинчилик (биринчилик заттардын химиялык ажыроо реакцияларынан кийин), ошондой эле туруктуу (ажырабоочу) жана туруксуз болуп бөлүнөт. Бул заттар трофикалык (тамак-азык) тизмекке кирет. Көпчүлүк булгоочу заттар (пестициддер, полихлордифенилдер, пластмассалар) табигый шартта өтө жай бузулат. Ал эми уулуу (токсиндүү) бирикмелер (сымап, коргошун) такыр бузулбайт. Эгерде 20- кылымдын 40-жылдары табигый заттар (пахта, жибек, жүн, самын, каучук, азык-түлүк жана башка) басымдуулук кылса, бүгүнкү күндө алар синтездик заттар менен алмаштырылган. Синтездик заттар жаратылыш чөйрөсүндө начар жана узак убакытта ажырайт, ошондуктан айлана-чөйрөнү булгоочулардын негизгилеринин бири болот. Буга синтездик кездемелер, кир жуугуч заттар (детергенттер жана башка), кошунду азык заттар, минералдык жер семирткичтер, синтездик каучук жана башка кирет. Суу чөйрөсүндөгү Б. заводдун негизин жеңил ажыраган органикалык заттар (тиричиликтен чыккан суу агымдары), кыйындык менен же такыр ажырабаган заттар (негизинен өнөр жайдан агып чыккан агын суулар), туздар (хлориддер, сульфаттар, нитраттар жана башка) жана оор металлдардын (сымап, кадмий, коргошун жана башка) бирикмелери түзөт. Айрыкча өтө булгоочуларга өнөр жай ишканалары целлюлоза-кагаз (лигнин, майлар, фенолдор, сульфаттар), химиялык жана нефть-химиялык (фенолдор, нефть заттары, бенз(а)пирен, өлчөнгөн заттар, көп циклдүү ароматтык углеводдор) жана башка кирет. Чөйрөнү өзгөчө булгаган заттарды айыл чарбасы пайда кылат (дүйнөдө болжол менен пестициддердин 1500 түрү бар). Айрым мамлекеттерде (АКШ, Германия, Канада, Япония, Россия) кээ бир заттарга чектөөлөр киргизилген. Эгерде бул заттар чөйрөгө чектелген көлөмдөн ашык жайылса, анда алар чөйрөнү булгаган булгоочу заттар катары каралат. Азыркы учурда чөйрөнү булгаган негизги заттарга майда бөлүкчөлөр, күкүрт диоксиди, көмүртек кычкылы, суутектүү көмүртектер, азот диоксиди, коргошун жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү