Буле (гр. bule - кеңеш) Байыркы Грецияда

  • 1) Гомердин поэмаларында уруу ак сөөктөрүнүн басилей алдындагы кеңеши.
  • 2) Аристократиялык жана олигархиялык шаар-мамлекеттердеги (б. з. ч. 5-кылымдын башына чейин) ак сөөктөрдүн же бай адамдардын башкаруу кеңеши.
  • 3) Демократиялык полистердеги аткаруучу бийликтин жана мамлекеттик контролдун жогорку органы.

Буленин мүчөлөрүнүн саны ар кайсы мезгилде ар кандай болуп, 400-500, 600 адамдан турган жана 10 комиссияга бөлүнүп, кезектешип иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.