Буриштер
Бури́штер (бурушаски, хунза) — эл. Кашмирдин (Пакистан бөлүгүндө) түндүгүндө
бийик тоолу (Гилгит, Хунза, Нагар) жерде жашайт.
Саны 87 миң (2000).
ТилиОңдоо
Тили — бурушаски. Бурушаски өзгөчө обочолонгон тил.
Башка элдер менен байланышта урду жана дард тилдерин колдонушат. Урду тилин көбүнчө аялдар колдонушат.
ТегиОңдоо
Буриштер Кашмирдин байыркы автохтондук калкы. Алар келгин индиевропалыктар менен аралашпай өзүн тилин жана маданиятын сактап калышкан.
С. А. Старостиндин (белгилүү орусия лингвисти) гипотезасы боюнча буриштер синокавказдыктардын тукумдары.
ДинОңдоо
Динге ишенгендери Ислам диндин шиит багытын тутушат. Көбүнчө шиит багытынын ичиндеги исмаилдик жана иснаашарит секталардын избасарлары. Ошондой эле, байыркы бутпарас элементери да сакталууда.
МаданиятыОңдоо
Материалдык маданияты боюнча калаштарга жана памирдик элдирине жакын.
ЧарбаОңдоо
Террасалык дыйканчылык өнүккөн. Татаал сугат системасы колдонулат. Жашылчалар, жемиштер (өрүк, жүзүм) өстүрүлөт. Ири мүйүздүү мал сүт үчүн кармалат.
ТамактанууОңдоо
Жашылчаларды чийки бойдон жешет. Өрүктү көп жешет. Кышында кургатылганын өрүк жешет жана өрүктөн жасалган компотторду ичишет. Сүттөн жасалган азыктарга (эжиге, каймак ж.б.) да көңүл бурушат.