Бутадиен 1-3 (дивинил), СН2=СН-СН=СН2 – мол. масс. 54,09, мүнөздүү жыты бар, түссүз газ. Балкып эрүү tо 108.9оС кайноо t 4,41оС тыгызд. 0,6211 г/см3 сууда начар бензолдо, спиртте, керосинде, хлороформдо, СCI4 жакшы эрийт.

1,3-Бутадиен цис- жана -трансконфермер түрүндө кездешет.

СН2 = С-Н СН2 = С-Н



CH2 = C-H H-C = CH2

цис- транс-

Транс формасы туруктуу. Б. типтүү чыңалган эки кош байланышы бар диендик углеводород болуп саналат, реакцияга өтө жөндөмдүү. Суутек, галогендер, галогендүү суутектер менен кошуп алуу реакциясына оңой кирет. Стирол, акрил, метаакрил к-таларынын эфирлери, винилиден, изобутилен, изопрен жана башка мономерлер менен бирдикте сополимерлөө реакцияларына кирет, өзүнөн-өзү димерлешип 4-винил - I циклогексен пайда кылат. Активдүү кош байланышы бар малеин ангидриди, акролеин, стирол, акрилонитрил менен бутадиен аракеттенишип 1,4 абалында кошуп алуу реакциясы жүрүп (диен синтези) циклогексан туундуларын берет. Б. абадагы кычкылтек таасиринде пероксидди пайда кылат жана өзүөнөн-өзү полимерлешүү реакциясына инициатор болуп саналат. Өнөр жайларда нефтинин, газдар курамындагы н-бутанды, н-бутенди катализдик дегидирирлөө менен алынат. Биринчи жолу ө.ж-да С.В.Лебедев методу менен этил спиртинен синтезделген. Лаб-яда циклогексенди пиролиздөөдө алынат. Б. негизинен синтездик каучуктар (Б.-стирол, Б.-нитрил) мономери болуп саналат. Пластмасса, хлоропрен, бутиленгликолду алууда колдонулат. Б. ингибиторлор (0,005-0,03 % -п-требутилпирокатехиндин, н-гидроксидифениламин, антиоксиданттын) катышуусунда сакталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү