Бүркүп чачкыч машина, бүрккүч – өсүмдүк илдеттери менен зыянкечтерин, отоо чөптөрдү жана кампа зыянкечтерин жоготуу максатында химиялык уулуу заттарды өтө майда тамчы түрүндө чачуучу түзүлүш. Аны менен чачылган уулуу заттар өсүмдүктөрдүн жана алардын сөңгөгү менен жалбырак беттерине жакшы жабышып, зыянкечтерди ууландырат. Мында чаңдатып чачууга караганда уу зат кыйла аз сарпталат. Өндүрүштө көп түрдүү бүркүп чачкыч машина колдонулат. Ал бүрккүч түзүлүшүнүн иштешине карата гидравликалык жана желдеткичтүү (вентилятордук), агрегат ыкмасына карата чиркеме, асма, орнотмо жана өзү жүрүүчү жана башка болуп бөлүнөт. Талаа өсүмдүктөрүнө уу затты чачуу үчүн көбүнчө гидравликалык (штангалык), ал эми бакылым дарактарда желдеткичтүү машина пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү