Бөлүштүргүч бөрк – станокто иштетилүүчү тетикти мезгил-мезгили менен айлана боюнча буруп туруучу жасалга. Көбүнчө фрезалык станокто пайдаланылат. Анын механикалык (жөнөкөй, универсал) жана оптикалык түрлөрү бар. Универсал бөлүштүргүч бөрк көп таралган. Оптикалык Б. б. өтө так иштетүү үчүн, ал эми универсал бөлүштүргүч бөрк механикалык иштетүү өндүрүшүндө бөлүү же бурама кобул жасоо үчүн колдонулат. Бөлүштүргүч бөрктүн жөнөкөй жана дифференциалдык ыкмалары бар. Анын жардамы менен өндүрүштө ар кандай тетиктердин [тиштүү дөңгөлөк, жылга тиштүү (шлицтүү) вал, бургу, фреза жана башка] түз, бурама оюктары жасалат. Тетикти айландыруучу бөлүштүргүч бөрктүн ийиги (шпиндели) туткасынан кол менен буралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү