Бөлөкбай, урук

Бөлөкбай‎»‎ барагынан багытталды)

Бөлөкбай (Каракчы).

Солто бийдин уулу Чаа бийдин уулу болгон. Талкан менен Тата биртуугандары. Бөлөкбай тукумдары азыркы күндө жыйрыма алты аталыкка таралып: Байсейит, Эсиркемиш, Алдаяр, Чоң үкү, Майда үкү, Ногой (Аксак бөрү), Кутумбет, Жору (чулу), Жалайыр, Чүмкөлөй, Бүтөш, Жерказар, Дайырбек, Сарман, Кара таман, Кожокелди, Борочор, Жетикашка, Төлөн, Тубар, Багыш, Жагыш, Баястан, Чыңгыш, Айта, Төкөлдөш болуп, Чуй боорунда Токмоктон баштап Бишкекте, жана анын түндүгү, кун чыгыш жана түштүгүндө жайгашкан.

Тарыхы түзөтүү

Илгерки заманда Каракчынын тукумдары Талканга кошулбай өзүнчө бөлүнүп туруп калганда, Талкан тукуму Каракчыны “бөлөкбайлар” деп аташкан. Ошондон бара-бара Бөлөкбайга айланып кеткен деп айтылат. Бөлөкбайлар көбүнчө Чуй, Талас, Жетисуу, Или жана Ташкент тегерегиндеги саясий тарыхий процесстерге активдүү катышып, Бишкек шаары жаралгандан баштап азыркы күнгө чейин анын өнүгүүсуүнө өз салымын кошуп, алдынкы ролун ойноп турушакан. Өз учурунда, солто элин Каракчынын тукумдары Кебек бий Чынгыш бий, Калпак, Адучу, Жаманкара, Болот, Корчу деген урпактары бийлеп турган.

  • Бөлөкбай эли аталганда, эн башкысы болуп дайыма анын эрдиги жана жоокердиги айтылат, жана буга далил күбө кылып кыргыз эли Санчы-сынчынын Солто бийдин кичүү уулу Чаага жана анын тукумуна айтылган сынын ар дайым келтиришет. Мындай сыпаттары кыргыз ичинде кана эмес, ошондой эле чектеш калктар арасында айтылып, “бөлөкбайдын бөрүлөрү”, “бөлөкбайдын боз балдары” деп элдин оозунда калган.

Ал тургай, Орто Азиядагы орус-казактарынын оозеки чыгармачылыгында ыр түрүндө «булекбаев род богатый» деп, анын баатырлыгы, жигиттиги аталган.

  • Бөлөкбайлардын намыскойлүгү жана чечкиндүүлугү, ошол эле кезде алардын айкөлдүгү жана боорукерлиги Жаманкара баатырдын өчүн алуу жортуулунда байкалып, эл оозунда дагы эле айтылып журөт. Ал эми солтонун мырзалыгын жана улуулугун ыйык туткандыгы, 1847 жылында кыргызга болгон чабуулда жетикашка Чынгыш кошулган кыргыз кол-аскерин, жабыр тарткан жөнөкөй элин бир ай тамак-аш менен камсыз кылып, колундагы болгон малын сойуп, аштыгын берип турган.
  • Жоокердик заманында Жоосейит батыр, Жолу баатыр, жетикашка Чынгыш баатыр, Кебек бий, Жаманкара баатыр, Рыспек баатыр, Корчу баатыр, Олжочу, Турсун баатыр, Укү, Бердике, Жээнгул, Бекчоро, Айтууган, Сарыке, Байтайлак, Уулбек, Боруке жана ушуга окшогон адамдар коп чыккан.
  • Бөлөкбайлардын урааны: Солто! (эски урааны жалпы солтонукундай Каратал!).
  • Тамгасы: Ай Тамга (жалпы солтонуку).

Бөлөкбай элинен чыккан белгилүү инсандар түзөтүү