Вагиф Молла Панах (1717, Азербайжан, азыркы Казах району, Салахлы айылы 1797, Шуша) азербайжан акыны, мамлекеттик ишмер. Араб, фарс тилдерин билген мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Карабах, Грузия, Талыш жана Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышып, Россия менен союздаш болууну жактаган. Вагиф Молла Карабахты басып алган Ибрагим хандын жакын адамы Мухаммедбек Жеваншир тарабынан өлтүрүлгөн. Туңгуч ырлар жыйнагы 1856-жылы Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) шаарында басылган. Вагиф Молланын ырларын жыйноодо М. Ф. Ахундов көп эмгек спңпрген. Толук ырлар жыйнагы 1945-жылы басылып чыккан. Анын ырлары дүйнөнү шат кабылдоого үгүттөп, сүйүү, философиялык ойлорго, граждандык мотивдерге ширелген. Азербайжан поэзиясында ашуг формасы гошманы бекемдеген. «Гүл», «Турналар» аттуу ырларында өмүр, кубаныч, махабат, өкүнүч сезимдери чагылдырылган. Акындын өмүрү тууралуу С. Вургун «Вагиф» аттуу драмалык поэма жазган. Чыгармалары: Молла Панах Вагпф. Баку, 1925; Лирика. М., 1968.

Колдонулган адабияттар түзөтүү