Валенттүүлүк (лат. Valentia - күч) – бир элемент атомун башка элементтин белгилүү бир сандагы атомдорун кошуп алуу же орун алмашуу жөндөмдүүлүгү. В. ж-дөгү түшүнүк 1853-ж. Э.Франкленд тарабынан киргизилип, көп тажрыйбалык фактыларды түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Хим. байланыш, электрондук теориясынын чегинде (Г.Льюис, В.Коссель) атом В. анын башка атом электрондору менен жалпы электрондук жуптарды пайда кылууга катышкан негизги же дүүлүккөн абалдагы жупташпаган электронунун саны менен аныкталат. Элемент максималдуу В. анын мезгилдик системадагы жайгашкан группасына дал келет. Мис., көмүртек атомунун (С) максималдуу В. 4 (s2p2s1p3), ал эми хлордуку (Сl) 7 (s2p5s1p3d3) барабар. Бирок, донор акцептордук жана суутектик байланыштар ж-дөгү көз караштар өнүгүшү, хим. бирикмелер жаңы класстарынын (металлорг., сэндвичтик, кластердик, (a-комплекстик жана башкалар) ачылышы формалдуу В. эрежелеринин жетишсиздигин көрсөттү. В. толук мааниси кванттык механиканын теориясы иштелип чыккандан кийин гана аныкталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү