Валин (a - аминизовалериан к-тасы), (СН3)2СНСНNH2СООН – мол. масс. 117,16, эрүү t 295-98оС түссүз кристалл, сууда жакшы эрийт. Орг. эриткичтерде эрибейт. Типтүү алифаттык амин к-таларына кирет. Оптикалык активдүү эки изомери кездешет. L-В, D-В. L-В, адам жана жаныбарлардын азыгындагы зарыл алмаштырбас амин к-тасы болуп саналат. Бардык организмде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет, ал эми D-В кээ бир антибиотик курамына кирет. Мис., валинолицин, В- a-бромизовалериан к-тасына аммиакты таасир этип синтезделет. Пептиддер синтездөөдө колдонулат. Дүйнөлүк масштабда a-В. жылына 150 т өндүрүлөт. Амин к-тага мүнөздүү болгон бардык хим. реакцияларды берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү