Варламов Александр Егорович

Варламов Александр Егорович [15(27).11.1801, Москва 15(27).10. 1848, Санкт-Петербург] орус композитору, ырчы (тенор), педагог, дирижёр. Санкт-Петербургдагы Аксарай ыр капелласында окуган. 1819-жылдан педагог, 1832-43-жылы Москвадагы Император театрынын жардамчысы жана капельмейстер. Чоң театрдын сахнасында анын «Султандын эрмеги же кулдарды сатуучу» (1834), «Амалкөй бала жана мыкаачы» (1837, Гурьянов менен бирге) балеттери коюлган. Драма спектаклдерине, анын ичиненУ. Шекспирдин «Гамлет» трагедиясына (1837) музыка жазган. 1833-жылы романстарынын жана ырларынын биринчи жыйнагы жарык көргөн, 183435-жылы «Эол арфасы» журналын чыгарып, ага өзүнүкүнөн тышкары М. Глинканын, А. Верстовскийдин чыгармаларын жарыялаган. Анын концерттери да ийгиликке жетишкен, 200гө жакын ыр-романстарды («Кызыл сарафан», «Таңзаардан аны ойготпо», «Сайрабачы, булбул», «Бүлбүлдөйт жалгыз желкайык» жана башка) жараткан. 1845-жылдан Санкт-Петербургда жашаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү