Вегетация мезгили

  1. белгилүү бир климаттык шартта өсүмдүк өнүп-өсүүчү жыл мезгили. Анын узактыгы табият шартына, геогр. абалына, аймактын климатына жараша кыска, узак же жыл бою болот. Мелүүн климатта вегетация мезгили жазгы соңку сууктан күзгү алгачкы суукка чейинки учурду камтыйт, ал эми тропик жана субтропик алкактарында негизинен жыл бою созулатынча Өсүмдүктөрдү интродукциялоодо жана акклиматташтырууда колдонулуучу эң негизги биоклиматтык көрсөткүч болуп эсептелинет.
  2. Уругу өнө баштагандан толук бышып жетилгенге чейинки, башкача айтканда өсүмдүктөрдүн толук өсүп-өнүгүү циклине кеткен (дыйканчылыкта үрөн себүүдөн түшүм жыйноого чейин) мезгилимий Бир түрдүү эгилме өсүмдүк сортторунун вегетация мезгили ар кандай: кээ бири тез, кээ бири кеч жетилет. Мисалы, бир жылдык жаздык буудайдын вегетация мезгили 62189 күн, ал эми күздүк буудайдыкы 200-350 күн. Тез жетилүүчү өсүмдүктөр жылуу мезгили кыска түндүк облустарда, бийик тоолуу жана кургакчыл райондордо өстүрүлөт. Анын узактыгы чөйрөгө, темпрага, жарыкка жараша болот. Түшгүктө өсүүчү кээ бир өсүмдүктөр (шалы, анар, лимон жана башка) жылуулуктун жетишсиздигинен түндүктө өспөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү