Вегетация ыкмасы - тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идишгер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация ыкмасынын максаты айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оңой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу законченемин аныктоо. Вегетация ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу жана жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка жана шорго чыдамдуулугун, жерсемирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен жана зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба микробиологиясында колдонулат. Вегетация ыкмасынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы жана аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор менен (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү жана башка шартта) өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү