Вектордук талаа — кандайдыр бир мыйзам боюнча бир маанилүү түрдө ар бир Р чекитинде белгилүү бир а (Р) вектору аныкталган мейкиндиктин бөлүгү.

G облусунда Вектордук талаа анын өзгөрмөлүү Р чекитинен вектордук- функция а (Р) болот. Бир катар физ. кубулуштар менен процесстер Вектордук талаа түшүнүгүнө колтирнлет. Мисалы, кыймылда болгон суюктуктун бөлүкчөлөрүнүн ылдамдык-векторлору убакыттын ар бир моментинде вектордук талааны түзөт.

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.