Великоросстордун улуттук сыймыгы жөнүндө

Великоросстордун улуттук сыймыгы жөнүндө - В. И. Лениндин пролет, интернационализм жана патриотизм принциптерин негиздөөгө жанa өнүктүрүүгө арналган макаласы.

Ал 1914-жылдын аягында жазылып, большевиктер партиясынын органы— «Социал-демократ» газетасында жарыяланган. Орус коммунисттери улут маселесин пролет, революциянын милдеттеринин ажырагыс бөлүгү деп караган. 2-Интернационалдын оппортунисттери, меньшевиктер, троцкисттер өздөрүн социалисттербиз деп этап, иш жүзүндө социал-шовинист болушкан. Алар l-дүйн. согуш (1914—18) убагында кагылышкан мамлекеттердин жумушчулары менен буржуазиясынын таптык татуулашта болушун жакташып, башка элдер менен согушууга үгүттөшүп, жумушчу табын азгырышкан.

«Ата Мекенди коргоо» деген шылтоо менен согушкан өлкөлөрдүн жумушчулары менен дыйкандарын каршылаштырып, буржуазияга көмөк көрсөтүшкөн. Меньшевиктер менен эсерлер баскынчылык согуш жүргүзүүдө падыша өкмөтүнө жардам беришкен. В. И. Ленин социал-шовинисттерге жанa бурж. улутчулдарга катуу сокку берип, пролет, интернапионализмдин туусун бийик көтөрүп, «башка элдерди эзип жаткан эл эркин боло албайт» деген маркстик жобону өнүктүргөн; импер. согушта падышачылыктын жецилпши орус пролетариатынын падышачылыкты кулатууга, бурж.-помещиктик түзүлүштү жок кылууга өбөлгө түзөт деп көрсөткөн. «Коммунисттер Ата Мекенин жерийт, аларда улуттук сыймык сезими жок» деп, пролетариатты жанa анын партиясын жаманатты кылган душмандарды В. И. Ленин аябай келекелеп, орус пролетариатыеын авангарды — большевиктер партиясы гана пролет, ин­тернационализм идеясына бекем туруп, капитализмге карты жанa элдердин боштондугу үчүн күрөштө чыныгы патриоттук демилге көтөрөт деп белгилеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.