Вена Конвенциясы (1961)
Вена Конвенциясы (1961) - эл аралык дипломатиялык байланыштар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-ж. 18-апрелде Вена шаарында кабыл алынган. Вена Конвенциясы дипломатиялык байланыштарды түзүү жана токтотуунун тартиби, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы жана анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипломатиялык иммунитеттердин көлөмү жана артыкчылыктары аныкталган. Конвенция боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат жана андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жергиликтүү мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты менен гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда Вена Конвенциясына дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4