Венеддер, венеттер, венддер (лат. Venedi, Veneti) 1) байыркы мезгилдерде Адриатика деңизинин түндүк жээктерин мекендеген уруулар, алар По дарыясынан түндүк-чыгышка карай отурукташкан. Аталган уруулардын келип чыгышы тууралуу маселе илимде так чечилген эмес. 2) Рим императору Цезардын Галлияга жасалган жүрүштөрүнүн (б. з. ч. 58 51-ж.) учурунда каратылган кельт уруусу. 3) В. славян урууларынын батыш канаты. Венеддер аталышы б. з. 1-кылымынан тарта кездешет. Алар Висла дарыясынын боюнда, Балтика жээктеринде жана Дунайдын төмөнкү агымында отурукташкан. Плиний менен Тацит венеддерди сарматтарга, готт тарыхчысы Иордан (6-к.) славяндарга таандык деп эсептеген. 7-8-кылымда венеддердин бир бөлүгү чыгыш славяндарга аралашкан деген божомол айтылат. Орто кылымдарда немистер славяндарды Wenden, Winden деп аташкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү